ВИДЕО-“БЫЛТЫР 47-АБАКТАН ТОСКОНБУЗ” ӨМҮРБЕК ТЕКЕБАЕВ АЯЛЫН 50 ЖЫЛДЫГЫ МЕНЕН КУТТУКТАДЫ
25-бирдин айы, 2020-ж // //Бир-эки күн мурун саясатчы Өмүрбек Текебаевдин жубайы Айгүл Текебаева 50 жылдык мааракесин белгиледи. Бул тууралуу Өмүрбек Текебаев өзү социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирип, майрамдан тартылган видеону жүктөдү.
“Кечээ жубайым Айгүлдүн туулган күнү болчу. 50 жашка толгонун тар чөйрөдө, үй-бүлө, жакын туугандарыбыз менен белгиледик. Былтыр бул майрамды 47-абактан тосконбуз. Түрмөдө Айгүл менен свидание болгон күндөрдү өзүмдүн календарыма кызыл менен боеп, майрам катары белгилейт элек. Мына, азыр билип жатам, көрсө, Айгүлгө жолуккандан ушул күнгө чейинки аны менен чогуу болгон ар бир күнүм майрам экен. Туулган күнүң менен, Айгүлүм!”, -деп ЭлдикМедиа билдирди.