ВИДЕО-Бишкекте келин дарыгерди сөгүп, аны алка-жакадан алды

ВИДЕО-Бишкекте келин дарыгерди сөгүп, аны алка-жакадан алды

13-үчтүн айы, 2020-ж // //

Бишкектеги балдардын клиникалык ооруканасына баласын алып келген келин, дарыгерлерди ашата сөгүп, аларды алка-жакадан алды.
Келиндин дарыгерлердин жазып берген рецебине ыраазы болбой, аларды оозго алгыс сөздөр менен тилдеп жаткан учурунун видеосу социалдык тармакка таркады.
«Мына ушундай кишилерден улам бир айда эле төрт дарыгер кызматтан кетти. Баланы караган дарыгер ага ОРВИ диагнозун койгон. Ымыркайдын дене табы 36,5 градус болуп, дем алуусу калыбында болчу. Бирок ал антибиотик сайгыла деп талап кылды. Качанкыга чейин бейтаптар биздин дарыгерлерге орой мамиле кылып, алар талап кылган дарылоону жазып бербегени үчүн жумуш ордунан сабай беришет», — деп айтылат маалыматта.
«Сенин балаң өлүп калсын» деген келип, дарыгерди сөгүп-сагып, телефонуңду сындырып салам деп кыйкырган-деп Барометр.кж жазып чыкты.