Костромада беш жашар баланын өлүмүнө шектелип эки адам кармалды. Россия Федерациясынын Тергөө комитетинин Кострома облусу боюнча тергөө башкармалыгынын сайтында маалымдалгандай, 5 жашар кыз 4-январда жалгыз сейилдегени чыккан. Бир аздан кийин  анын  жанына эки белгисиз адам келип, бири баланы колуна алып, андан кийин шектүүлөр белгисиз тарапка изин жашырып кетишкен..

«Кызды издөө иштери дароо уюштурулуп, ага Россия Федерациясынын Тергөө комитетинин Кострома облусу боюнча тергөөчүлөрү жана криминалисттери, полиция кызматкерлери, Лиза Аллерт отрядынын ыктыярчылары катышты», — деп айтылат маалыматта.

Кылмышка шектүүлөр бир сутканын ичинде камакка алынган. Алар буга чейин кылмышты мойнуна алышкан. Аларга карата Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 105-беренеси «Жашы жете элек баланы өлтүрүү» боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө уланууда.