Коом

ВИДЕО-Бала багуучу наристени жаакка чаап урду

Бала караганга адамы жок кызматкер энелердин көбу бала багууну алышып, балдарын аларга каратып келишет. Өзгөчө карантинден кийин баласын башкага каратып иштегендердин саны арбыды. Бул жолу баласын бала багуучуга таштап кеткен эне видеокамерадан баласын биринчи эле куну жылаңачтап уруп жатканына күбө болуп, окуянын видеосун кошо тиркеп black_list.kg баракчасына жөнөтүшкөн.

Саламатсыздарбы, жарыялап коюңуздарды сураныч!
Кимде ким бала багуунун кызматын колдонсо видео байкоо сөзсүз турдө орноткула!

«Бүгүн бул аялдын бала багуучу болуп иштегенине биринчи күн. Эртең менен  баламды бала багуучу менен үйгө жиберип жумуштарымды бутургөну калгам. Бир күн мурун үйгө видео байкоо орнотуп койгонбуз. Ал баламды кандай тамактандырып жатканын байкоо үчун жазылган видеону карап ушундай окуяга туш болдум.

Анын бетин ачык чыгарып жатам, менин баламдан башка балдар да жабыркашын каалабайм. Кудай жазаласын!. Ал бул окуяны сотко чейин жеткирбөөну суранып төрт жашар кызы бар экенин айтты. Мен ошол учурда милиция да чакырган элем. Кызын аяп үстүнөн арыз жазган жокмун, Кудай жазаласын дедим»- деп жазган атын жашырган автор.

Шилтемени басып видеону көрүңүз

https://www.instagram.com/tv/CTytJIolGIV/?utm_source=ig_web_copy_link

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *