Саясат

ВИДЕО-Айсулуу Тыныбекова кичинекей спортчу кызга жардам берет

Токио Олимпиадасында күмүш медалдын ээси Айсулуу Тыныбекова кичинекей кыздын видеосун көрүп, жардам берүүнү чечти. Бул тууралуу Тыныбекова өзүнүн социалдык баракчасына жазды. Анда Айсулуу Тыныбекова: “ Кечээ, бул видеону интернеттен көрүп абдан сүйүндүм! Качан жана каерде тартылганы белгисиз, бирок бир нече жолу кандай сонун ыкмаларды жасаган. Сиңдибиз машыгып жүргөндүгү сиздерге да байкалдыбы? Күрөштө бул ыкма үчүн эки упай берилет. Мен бул спортко жаңыдан киришип жатканда , дал ушул ыкманы колдончуумун.Бул кызды көрүп, өзүмдү эстеп кеттим. Себеби ушул ыкма менен мен бир Эл аралык мелдештен медаль утуп алгам! Сени менен жолугуп, маек курууга даярмын, сиңдим! Эгер чоң спортко кадам таштайм десең багыт бере алам. Кимде даректери болсо, кабар берип коюңуздар”, – деп жазды Айсулуу Тыныбекова

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *