Коом

ВИДЕО — Айдоочуну атып өлтүргөн инспектор камакка алынды

Белгилей кетсек, буга чейин Бишкек шаарынын Жибек Жолу жана Гоголь көчөлөрүнүн кесилишиндеги мечит тараптан эркек кишиге ок атылганы айтылган.

ШИИБдин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, мечиттин батыш тарабындагы жолдон 1 даана гильза, болжол менен кандын тагы табылган. Ошондой эле жакын арадагы видеокамерадагы материалдар алынды.

Бул факт боюнча Жазык кодексинин 321-беренесинин («Бийликтен аша чабуу» 1) курал же атайын каражаттарды колдонуу менен; 2) этиятсыздыктан оор зыян келтирүү менен) негизинде сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Бул окуяга шектелген Милициянын кайгуул кызматнын кенже инспектору Д.Ж. убактылуу камакка алынды.

ШИИБдин маалыматы боюнча, маркум А.Ч. (1989-жылы төрөлгөн) «RAV-4» үлгүсүндөгү автоунааны башкарып жүргөн. Аны инспектор тоскондо унаасын токтотуп, документтерин берген. Милициянын маалыматы боюнча, ошол учурда инспектор менен айдоочунун ортосунда чыр чыгып, кайым айтышуу болгон.

«Айдоочу инспекторун талабына баш ийбей, табелдик куралын алууга аракет кылган. Ошол учурда капыстан куралдан ок атылып, айдоочуга тийген», — деп айтылат милициянын билдирүүсүндө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *