
ВИДЕО-6-кабаттан кулаган аял кийимин кардан күүп, кайра үйүнө кирип кетти
24-бирдин айы, 2023-ж // Дүйнө кабары // Айпери ОсмоналиеваТатарстандын борбор калаасы Казан шаарынын кичи райондорунун биринде жайгашкан көп кабаттуу үйдүн тургуну 6-кабаттан кулап кеткен. Бирок, бактыга жараша аял эч кандай жаракат алган эмес.
Жерге кулап түшкөндө гана бир нече убакыт онтолоп жатып, жанында кетип бараткандардан тургузуп коюу өтүнүчү менен кайрылган. Тилекке каршы, анын өтүнүчүн эч ким орундаткан эмес.
Ошондон кийин ал өзү ордунан туруп, кийим кечесин кардан күүп, кайра үйүнө кирип кеткен.