
Вефа соода борборунун иши. Жактоочу Түркиянын КРги элчиси кийлигишип жатканын айтты
01-жетинин айы, 2023-ж // Коом // Айпери ОсмоналиеваБүгүн, 1-ноябрда Бишкек шаарындагы Вефа соода борборунун айланасындагы чыр чатак боюнча пресс-конференция болуп өттү.
Бишкекте 2006-жылы түрк инвесторлору курган Vefa соода борборунун талашы уланууда.
Ишкер, «Аруу Жылдыз” компаниясынын ээси Умсун Назарбекова имаратты 2016-жылы февралда “Өзгүн Иншаат Таахют ве Тижарет” коомунан уставдык капитал түзүү боюнча макулдашууга кол коюп, өткөрүп алганын билдирди.
«Эки чоң кредит алып, бүт документтерин текшерип, тууралыгына ишенгенден кийин гана имаратты сатып алганбыз. Документтердин баары нотариус аркылуу бүтүрүлгөн. Андан тышкары кагаздар Юстиция министрлигине жиберилип, ал жактан да биздин менчик экени ырасталган. Азыр эми менин, менин үй-бүлөмдүн 30 жылда тапкан мээнетибиздин бардыгы талаага кетти. Мамлекетибиздин жетекчилери азыр сот ишине аябай көңүл бөлүп турган мезгил. Суранып кетем, ушул ишке көз салып, соттор адилет чечим чыгарат деген ниеттемин».
Бишкек шаардык соту июль айында Vefa соода борборунун 2017-жылдагы алып-сатуу келишиминин мыйзамсыз экенин таануу боюнча арызды канааттандырган чечим чыгарган.
Сот чечимине каршы Vefa Жогорку Сотко даттанып, алгачкы отурум 23-октябрда болгон.
«Аруу Жылдыз» компаниясынын адвокаттары Түркиядан бир топ документтерди алып келгендиктен ишти кароо 2-ноябрга жылган.
Адвокаттар түрк тарап Кыргызстандын бир катар мыйзамдарын бузуу менен имаратты алып жатканын билдирди.
Маселен, сырттан тартылган, ILF & A&A эл аралык юридикалык компаниясынын юристи, «Аруу Жылдыз» мекемесинин адвокаты Нурлыбек Султан Нусипжанов мындай жагдайларга токтолду.
«Түркиядан бизге келип түшкөн документтер каршы тараптын сотто келтирип жаткан негиздерин жокко чыгарды. Тактап айтканда, “Өзгүн Иншаат” өз убагында ишеним катка таянып соода борборду саткан. Имаратты талашып жаткан тарап ошол ишеним каттын күчү жок экенин түрк сотунун чечимине таянуу менен негиз келтирген. Бирок бул документ Түркиянын жалпы реестринде бар экенин, ал юридикалык күчкө ээ экенин биз далилдеп чыктык. Бул тууралуу колубузда турган документтерде так жана даана көрсөтүлгөн. Ал эми түрк соту ишеним кат боюнча эч бир чечим чыгарган эмес, ал электрондук документтердин тизмесинде да жок, жадакалса андай судья да жок экен. Демек, каршы тарап жасалма документтерди сотто көргөзүүдө. Кыргыз соттору биз алып чыккан документтерди эске алышы керек. Маселен, Кыргызстан Гаага конвенциясынын мүчөсү, аны сакташы абзел. “Өзгүн иншаат” коомунун ошол кездеги директорлор кеңеши имаратты сатууга макулдугун берүү укугуна ээ болгон. Жогорку Сотто биз ушуларды айтып, документтерди бердик, коллегиялык сот нес болду, берки тарап да таң калып жатат«.
Ошондой эле жактоочу Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доган бул ишке кийлигишип жаткандыгын айтты.
Азыр соода борбору Түркиянын бийлигине караштуу «Өзгүн иншаат» компаниясынын карамагында. «Өзгүн иншаат» акционердик коомунун Кыргызстандагы өкүлү Вэси Изатов жана соода борбордун башкы директорунун милдетин аткаруучу Хакан Каракаш соңку кырдаалга комментарий берүүдөн карманып турарын айтышты.
Алар 2-ноябрда Жогорку соттун отурумунан кийин маалымат берүүгө даярдыгын белгилешти.
Булак: Аргумент кж