Саясат

“​Вакцинация тукумсуздукка алып келет”-деген Шайлообек Атазовдун пикири жөн гана ушак

Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов «Фейсбуктагы» баракчасына коронавирус илдетине каршы вакцина алуу иш-чарасын сынга алып, бул адам ден-соолугуна ар кандай коркунучтарды алып келиши мүмкүн экенин жазган.

Шайлообек Атазов:

«Вакцина алуу – бул күмөндүү, коркунучтуу иш чара болуп жатат! Мага бугун маалымат келди. Кээ бир мекемелер мажбурлап берип башташыптыр. Вакцина – элибизди келечекте тукумсуздукка алып келүүсү ыктымал. Эксперимент жүргүзүп жатышкан болсо, туура эмес! Саламаттыкты сактоо министрлиги ковид менен күрөшүүдө элибизди вакцина алуудан башка жолдорун сунуштаса туура болмок» – деп жазган.

Буга чейин Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев дагы “7 каналга” вакцина тууралуу берген маегинде, Вакцина – бул жаңы препаратБул тукумсуздукка алып келеби жеалып келбейби эч ким билбейт. Балким, вакцина тукумсуздукту көбөйтүшү мүмкүн”, – деп билдирген.

 

«Политклиника» медиасы бул боюнча фактчекинг уюштуруп, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун эмдөө бөлүмүнүн башчысы Кит ОБрайендин маалыматына таянып, «коронавируска каршы вакцина тукумсуздукка алып келбейтбул жөн гана ушак»-деген тыянакка келген.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *