В. Путин: Россиянын каршылаштары өлкөнү ондогон майда бөлүктөргө бөлүүнү көздөөдө

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Россиянын президенти Владимир Путин биздин өлкөнү ондогон майда бөлүктөргө бөлүү керек деп айтып жаткан РФтин каршылаштарын «акмактар» деп атаганын РИА Новости жазып чыкты.

«Биздин неоколониалдык ой жүгүртүү менен жашап жүргөн каршылаштарыбыз чынында акмактар. Алар так ушул көп түрдүүлүк бизди күчтүү кылып жатканын түшүнбөй атат. Алардын эффект болот деп жасаган аракеттеринен майнап чыкпайт», — деди Путин Улуттар аралык мамилелер кеңешинин жыйынында.

Ал ошондой эле өз сөзүндө неоколониялык ой жүгүртүүдөн кутула албаган Батыш Орусияны бырчалап майдалап өзү каалагандай үстөмдүк жүргүзгүсү келип жатканына басым жасады.

Учурда сырттан жасалып жаткан басым ар тараптуу болуп, Россияга каршы өтө күчтүү пропаганда жүрүп жатат. Бирок Путин алардын мындай аракетинен эч майнап чыкпасын, көп улуттуу Орусия терең ынтымактын негизинде күчтөнө берерин өзгөчө белгиледи.

Булак: Аргумент кж

Аргумент.kg