Узак жашоонун жөнөкөй сырлары. Дарыгерден кеңеш

Узак жашоонун жөнөкөй сырлары. Дарыгерден кеңеш

20-теке, 2023-ж // Коом // Айпери Осмоналиева

Дарыгер Эрмек Исмаилов коронавирус пандемиясы учурунда бейтаптарга аралыктан консултация-маалымат берип, илдет аяктагандан кийин дагы бул ишти токтоткон эмес. Учурда телеграмм-каналдар аркылуу коочулукка ден-соолукка кам көрүү, профилактика жана check-up-анализдерди тапшыруу сындуу бир катар пайдалуу кеңештери менен бөлүшүп келет.

Эрмек»Узак жашоонун жөнөкөй жолдору» менен коомчулукту өзүнө кам көрүүгө чакырып жүрөт. Ал кандай жолдор экенин маектен окуңуз.

-Саламатсызбы, Эрмек мырза? Бизге эле эмес, бүтүндөй коомчулукка кызык болуп жатат. Узак жашоонун жөнөкөй эрежелери кайсылар? Себеби ар бир эле адам узак жашагысы келет эмеспи? Негизи эле коомчулугубуздун ден соолугуна кам көрүү аракети бүгүнкү күндө канчалык?

— Саламатсызбы? Сиздин сурооңузга төмөндөгүдөй жооп берип кетким келет: Менимче биздин жашообуз пандемияга чейин жана пандемиядан кийин болуп экиге бөлүнүп калды. Себеби, коронавирус илдетине чейин биздин элибиз өзүнүн ден-соолугуна анча деле маани бербей келчү. Илдеттен кийин элдердин көпчүлүгү өзүнүн ден-соолугуна кам көрүп калды.

Буга мисал: азыр социалдык тармактарда дарыгерлерден кеңеш сурагандар, ден-соолугу үчүн профилактикалык иштерге маани берип жаткандарды көп көрүүгө болот.

— Сиз «Дарыгерден кеңеш» телеграмм каналыңызда кандай кеңештер менен бөлүшөсүз? Ошол кеңештерди сиздин катталуучуларыңыз иш жүзүндө аткарып турушабы? Көзөмөлдөп турасызбы?

— Менин социалдык тармактарымда ар кандай баракчаларым бар. Ал жердеги аудитория дагы ар башка. Албетте баракчамдан профилактикалык жолдор, анализдерди тапшыруу тууралуу көп кеңештер бар. Бирок, кандай кеңешти жазба коомчулук ( катталуучуларым) оору менен кантип күрөшүүнүн жолдорун сурашат. Менимче, биз ооруга эмес, профилактикалык иштерге көп көңүл бурсак — көп оорунун алдын алмакпыз.

— Биздин коомчулук профилактикага канчалык маани берет?

— Чынын айтсам, профилактикага маани берген адамдардын саны аз. Бирок, жогоруда айткандай эле, күн санап өзүнүн ден-соолугуна маани бергендердин саны өсүп жатат. Эгер жалпы элибиз профилактика эң маанилүү экенин түшүнсө менимче келерки 10-15 жылдын ичинде кыргыз эли эң узак жашаган элдердин санына кирип калабыз. Мен ошол жыйынтыкка жетсек абдан кубанмакмын. Себеби, профилактика бул — ооруну алдын алуу да. Ага көп деле аракеттин кереги жок, болгону, базалык эле, негизги нерселерди кылып коюу менен узак жашасак болот.

— Маселен, кыздар сулуулугун сактап калуу максатында табигый нерселерден ар кандай маска, кам көрүүчү процедураларды жасашат. «Узак жашоонун жолдору» дегенде эле ойго ушул сыяктуу нерселер келбей койбойт. А бул жолдор чындыгында кандай?

— Ооба, бул сиз айткандай эле өтө жөнөкөй нерселер. Бул нерсени биз баарыбыз билебиз бирок, биз ага көңүл бурбайбыз.

Биринчиси бул — физикалык активдүүлүк. Бир күндө ар бир адам 10-15 миң кадамга чейин басышы керек. Бул биздин байыртан эле келе жаткан генетикалык жашоо образыбыз. Маселен: мурун ата-бабаларыбыз тамактангандан кийин, ат минип, аң уулоого чыгып же мал кайтарып, физикалык активдүүлүктү карманса, азыркы кыргыз коомчулугу кыргыздын байыртан келген улуттук тамагы деп беш бармак, этти жейбиз да уктап, жатып алабыз. Физикалык активдүүлүк жок. Ошондуктан, оорунун бардыгы кыймыл-аракеттин жоктугунан келип чыгып жатат.

Булак: Аргумент кж