
Уурунун көзүн айры менен чукуп салган
15-теке, 2023-ж // Дүйнө кабары // Айпери ОсмоналиеваҮйүнө ууруга кирген адамды 71-жаштагы жашоочу айры менен көзгө сайган. Бул тууралуу KCPQ басылмасы билдирди.
Маалыматта, окуя АКШ да катталган. Ушул жылдын 25-июнунда 71-жаштагы жашоочу дүкөндөн үйүнө кайткан кезде үйдүн ичинде бирөө жүргөнүн байкаган. Буюмдар туш тарапка чачылган, терезе сынган абалда болгон. Чочулаган карыя сыртта турган айрыны көтөрүп ичкери кирген. Үй ээсин күтпөгөн ууру ага кол салууга ашыгып, карыяны жыга түртөт. Экинчи жолу карыяны урууга камданып атырылганда колундагы айры менен ууруну бетке сайган. Кармаш бир топко созулуп, ууру качып кетүүгө үлгүргөн. Карыянын билдирүүсунөн улам жетип келген полиция кызматкери коңшу үйлөрдүн жанынан канга боёлуп качып бара жаткан 61-жаштагы тургунду кармаган. Алган жаракатынан улам тез жардам менен ооруканага жеткиришкен. Кийин айрынын учу анын бир көзүн чукуп кеткени кийин маалым болгон. Учурда убактылуу камоочу жайга киргизилип, буга чейин да бир топ үйгө ууруга кирип жүргөнүн аныкташкан.
Булак: Аргумент.кж