Ууруларды уурулар эле коргобойт экен

Ууруларды уурулар эле коргобойт экен

27-баш оона, 2021-ж // // Айпери Осмоналиева

 

Бизде бир кызыктай эле көрүнүштөр болуп жатат да. Мисалы азыркы бийликтер Кумтөргө байланыштуу коррупцияны иликтеп, ага тийиштиги барларды четинен камап жатпайбы. Анан тиги Россиянын жараны, анын коргоосунда турган Акаев деле келип, сурак берип кетти. Аны неге камабайт дегендер деле бир чети туура, бирок эң башкы нерсе – Кумтөр боюнча эл аралык сотошууларда жеңип алуу, ага керектүү маалыматтар менен куралдануу. Буга Акаев бере турган маалыматтар өтө маанилүү эмей эмне. Бирок жыйынтык чыгарууга эрте, балким Акаев деле жооп берип калышы толук ыктымал.
Эми бүгүнкү күндө Кумтөр боюнча камалгандардын туугандары, тарапкерлери, жасалма (акчага жалданган) колдоочулары ызылдап жатышканы түшүнүктүү. Жатып өлгүчө — атып өл деген нерсе болуп жатат. Тирүү жан болгондон кийин, арам да болсо акча болгон соң, жөн жатпайт экен да эргулдар. Элди удугутуп турушат экен.
Кечээ эле Кумтөр боюнча тандалма камоо жүрүп жатат, баланчаны жөн эле коюшса болмок же үй камагы деле жетиштүү болмок, бул бийликтердин атайылап жасап жатышканы деп Келдибеков деген бир оён чыга калбаспы. Анан эле элге белгилүү Улукбек Кочкоров да туурадан чыгып, азыркы бийликтерге сын айтып кирди.
Түшүнүктүү. Кочкоров го мейли, артына калбыр байлабай, министр болгондо жакшы иштегенге аракет кылып, элге жаккан эле. Балким мурдагы бийлик учурунда, ага чейин депутат болгон кезде айрым бир Кумтөргө байланыштуу камалып отургандар менен жакын болуп калгандыр. Достук алака болгондур. Эми болсо, унчукпай коюуга болбой жаткандыр, душман көзүнө сөз айтып койсо керектир да.
Бирок Ахматбек Келдибековго түшүнүш кыйын. Ал кезегинде коррупцияга шектелип, камалып, кыйла ызы-чуу салып, тизесинен операция да болуп, акыры туура эмес иштери аныкталып, 10 миллион сом төлөп жазаланбады беле? Өзүнүн арты булганып турганына карабастан эми ууруларды камаган азыркы бийликтерге сын айтып, жакшы адам, таза адам болуп чыга келгенин карасаң. Бет деген жок экен да. Эд айтса да, ушу Келдибеков оозун да, башка жерин да кысып отурса болмок. Башкасын айтпа, Кыргызстандын бажы тармагын мүлжүп жеп, эл аралык чоң уурулар менен милллиард долларга жакын акчаны чет жакка алып чыгып кеткен Раим миллионду жактап, анын командасы, жакыны болгону эле Келдибеков ким экенинен кабар берип турбайбы. Эми ушул аброю тим эле жерге түшүп, ылайга баткан кишини журналисттер да маекке чакырып, сыйлап атканын көрчү.
Кумтөр боюнча ким эмне жебесин, азыркы бийликтер эрдик жасап, ушундай оор, жоопкерчиликтүү, тобокел ишти өз моюндарына алып, аракет кылышууда. Уруларды коркпой камап, тиги Центерра дегендер менен эл аралык майданда кармашууга даяр турушат. Баракелде. Намыс деген, адилеттик деген бизде жок болуп бараткан баалулуктарыбызды кармап калышты. Эл аралык мааниде намыска жарап жатышат.
Башкалары болсо, сын айткандын ордуна Кумтөр боюнча кол кабыш кылып, тезирээк ушул жаңжалды бир жаңсыл чечкенге, эл аралык соттон утуп, эл аралык мааниде Кыргызстанга аброй алганга жардамшышса болмок. Бул Кумтөр Жапаров менен Ташиевдин гана иши эмес, ал жалпы элдин, ар бир жарандын да иши. Чылк алтындарыбыз элибизге кызмат кылсын дегендерди колдоо ар бирибиздин милдет. А бул Келдибеков менен Кочкоров сыяктуу кыйын чыкмалар ушуну түшүнүшөр бекен? Саясий оюн кылбай кайра элге кызмат кылып, Кумтөр боюнча бийликти колдошор бекен? Эгерим колдошпосо да, тоскоолдук кылышпай тура алышар бекен?
Эсиңерге келгилечи…

Сайракан Салиева