Уулуна болушам деген эне уулунун кара куурайын ачыктап алган

Уулуна болушам деген эне уулунун кара куурайын ачыктап алган

01-бирдин айы, 2022-ж // // Айпери Осмоналиева

Жашыруун кара куурай өстүрүп жаткан жаранды апасы милицияга салып берди. Бул тууралуу ИИМ басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта, Бишкек шаарынын кайгуул кызматына 29 январда болжол менен саат 18:30 чамасында Фучик көчөлөрундөгү көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочусунан билдирүү түшкөн. Анда үй бүлөлүк чыр болуп, күйөөсү уулун сабап жатканын айткан. Чакырыкка барган милиция кызматкери уулунун бөлмөсүнөн банги зат чыгаруучу өсумдүктөрдүн өсүп жатканын көрүшкөн.  Чырды басууга келген милиция кызматкерлери кара куурайды үйгө өстүрүп жаткан үй ээсинин уулун Биринчи май райондук ИИБ алып кетишкен.