Коом

Уулум өз карындашына үйлөнөм деп…

Турмушка чыкпай уулумду жалгыз өстүрдүм. Тапканымдын баарын уулума арнап, жашоомдун өтуп кеткенин да байкабай калыптырмын. Өзүмчүлдүгүмдүн айынан уулумдун төрөлгөнун да атасына айтпай кийин уулума да атасынын ким экенин айткан эмесмин. Эми азабын тартып кылган катамдын кыяпатын тартып отурам. Уулум тарбиялуу сизге жакшы келин болуп берет экен деп жылдыздуу кыз менен тааныштырган. Чынында эле илбериңки болгон кыз экен. Мага аябай жакты. Тынбай үйгө келип мага жардамдашып калчу. Ошентип алар үйлөнө турган болуп кубанычымда чек жок жакындарым менен курбуларымды чогултуп алып Жылдыздын ата-энесинин алдына бардык. Үйгө кирер менен атасын көрүп нес болуп алдым. Ал да мени тааныды. Ооба кантип биз бирибизби бирибиз унуталы. анткени биз унутпагандай жакшы күндөрдү бирге өткөргөнбүз. Мен ал адамдан өзумө кайрымдуу акылдуу уулду болгом. Ал кезде анын үй-бүлөсу бар эле. Көрсө мен сүйуп мага жакшы келин болот деген Жылдыз кызым уулумдун карындашы экен. Бир чечимге келбей артка кайттык. Уулум Жылдызсыз жашоосу жок экенин айтып үйдөн чыгып кетти. Иниме болсо артынан барып ал кыз бир тууган карындашы экенин түшүндүруп алып кел дедим. Алар көпкө кайтып келбеди. Биз менен тйого даярдангандар акырындык менен өз үйлөрүнө кайтып жатышты. Бир кезде жашыруун жолугам деп уулумдун бактысына балта чаап алдым.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *