Уулум «бүгүн апамды өпкөн жоксуң» деп эстетип турат

Уулум «бүгүн апамды өпкөн жоксуң» деп эстетип турат

19-бештин айы, 2022-ж // Коом // Айпери Осмоналиева
Балдар үчүн атасы менен апасынын бактылуу экенин көрүү маанилүү экенин кеч түшүнгөнүмө
өкүнөм.
Өзүбүз мындайды көрүп чоңойбогондон кийин, аны жасоо кыйын экен. Кичинемде атам
апамды эч качан кучактап өпкөн эмес. Сөгүнүп, кагынып — силкинип, жаман сөздөрдү сүйлөп басып жүрчү. Апам байкуштун муңдуу көздөрүн карай албайт элем. Атамдын заар тили апама
гана эмес, бизге дагы көп жолу тийди. Ошон үчүнбү, билбейм, айтор сезимдерин сыртка чыгара
албаган жигит болуп бой жеттим.
Аялзатына жакшы мамиле кылуу деген мен үчүн жат нерсе болчу. Досторум кыздарына гүл берип, кучактап өпсө, «ваай» деп колум менен көрсөтүп күлөт элем. Бул көрүнүш келинчегимди жолуктурганга чейин уланды.
Үйлөндүм. Көр турмуш экөөбүздү өз кучагына ала баштады. Акча, акча, акча… Акчабыз көп болсо эле, бактылуу болчудай сезиле берчү. Тогуз жыл кантип өткөнүн билбедик. Жаңы стол, жаңы обои, жаңы телевизор ж.б. Модадан калбайлы, аяштарга уят болбойлу деп тытынып жүрүп, бир күн жайбаракат жатпаганыбызды билдим.
Жыл өткөн сайын аялым экөөбүздүн урушубуз көбөйдү. Эң жаманы, мен атама окшоп бараттым. А кичинемде эч качан андай болбойм дечү элем. Балдарым менден качып, аялымдын кабагы бүркөлүп, чекесин бырыш басты. Үйүбүз муздап, кут качты.
Ал күн дале эсимде. 8-март эле. Торт алып үйгө келдим. Аялым балдар менен мультфильм көрүп отуруптур. Колумдагы тортту көрүп таң калып калды. «Майрамың менен!» Бетинен өөп

тортту берип, бөлмөмө кирип кеттим. Бөлмөмө жеткиче эсим ооп калайын дедим, колдорум титиреп, бетим кызарып чыкты. Кичүү кызым «атам апамды өптү»,-деп секире баштады. Кийимдеримди алмаштырып чыксам аялым тортту кесип жатыптыр. Жүзүндө жылмаюу. Чогуу отуруп торт жедик. Биринчи жолу тынч уктадым.
Эртеси жумушка жөнөп баратып аялымды дагы өөп койдум. Балдарым карап туруп калды. Кызым «атам апамды өптү»,-деп дагы секирди. Улуу балам күлүп карады.
Азыр күн сайын аялымды себепсиз эле өбөм. Өпмөйүн тура албайм. Баягыда унутуп калыпмын, ортончу балам келип «бүгүн апамды өпкөн жоксуң» деди. Балдарымдын мага болгон сыйын байкай баштадым. Аялым дагы кабагы ачылып, баягыдай күлүп калды. Деги эле үйдөгү атмосфера өзгөрдү. Өзүм дагы жумуштан кийин үйгө шашчу болдум.
Кечээ түндө аялым экөөбүз «тытынбай, жашоодон ырахат алып жөн гана жашайлычы» деген келишим түздүк. Күн өткөн сайын аяштарыбыздын үйүндө акыркы модадагы буюмдар көбөйдү, биздикинде сүйүү көбөйдү.