ҮРӨТ — Бекжан Темирхандын үй-бүлөсү ак өргөөлүү болушту

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Жол кырсыгынан каза тапкан ырчы Бекжан Темирхандын үй-бүлөсү Бишкектеги жаңы конуштардын биринен үйлүү болушту. Бул тууралуу Кыргыз Эл артисти Сыймык Бейшекеев тарабынан маалым болду.

«Бекжандын ата-эне, бир туугандарына Бишкек шаарына караштуу жаңы конуштан ушул үй буйруган экен. Бүгүн баштапкы төлөмүн бердик, дүйшөмбү күнү буюрса, толук акчасын берип үйдү атасынын атына каттатып, керектүү кээ бир эмеректерин алып, кышта жагууга көмүр-отунун камдап берип, көчүрүп киргизип түлөө берип, Бекжанга куран окутабыз. Бардык колдоо кылган мекендештерибизге алкыш айтабыз, айкөл элден айлансак аздык кылат, баарыңыздарга Бекжандын арбагы ыраазы болсун!», — дейт ал.

Эске салсак, 11-декабрда Бекжан Темирханды эскерүү концерти өтүп, анда 2 миллиондон ашуун каражат топтолгон.

https://www.instagram.com/p/CmO1Cfooz9u/

 

Аргумент.kg