Унчукпай калган Жапыкеев кайрадан үн катабы?

Унчукпай калган Жапыкеев кайрадан үн катабы?

09-үчтүн айы, 2023-ж // Саясат // Айпери Осмоналиева

«Кухня» билдирүүлөрдүн королу Сыймык Жапыкеев акыркы жылы такыр көрүнбөй көмүскөдө жүрөт. Буга чейин ал бир топ кызматты ээлеп, генералдык да чин алган. Азыр коомдук  саясий жашообузда көп эле орчундуу окуялар болууда. Бирок алардын бири боюнча да Сыймык мырза үн каткан жок. Ал мурункусуна караганда, акылдуурак болуп, көрүнбөй көмүскөдө жүрүүнү оң таптыбы?  Жакында эле ал соцтармактар аркылуу билдирүү жасады: «Мени ыгы жок сындап жатышат, генералдык наамды жөн эле алды дегенге чейин барууда. Эгерде көбүн менин генералдык наамым кыжаалат кылса, мен ал наамды тапшырып бергенге даярмын» деди.Бул айтканы менен Жапыкеев эмне маселенин четин чыгарды же кайрадан курч билдирүүлөрдү жасай баштайбы. Бул суроого жоопту алгачкы айларда эле алат окшойбуз…

Булак: Аргумент.кж