Унаа жолун ондоо иштерине бөлүнгөн 40,8 млн сомду өз кызыкчылыктарына пайдаланып кетишкен

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун оңдоо иштери бөлүнгөн акчанын  40,8 млн сому жеке кызыкчылыктарга пайдаланылып кеткен. Бул тууралуу башкы прокуратура билдирди.

Маалыматка ылайык, «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканаасына текшерүү жүргүзүлгөн .Текшерүү учурунда , ишкананын кызмат адамдары кызматтык абалынан пайдаланып акча алышкан.

«2022-жылы Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун Кадамжай-Чечме участогуна 20 км узундуктагы асфальт-бетон төшөлмөсүн оңдоо иштерин жүргүзүү боюнча “Т.и.К.” ЖЧКсы менен келишим түзүлгөн. Анда 40 млн 888 миң сом бюджеттик акча каражаттарын мыйзамсыз өз кызыкчылыктарына колдонуп жиберишкендиги аныкталган. Ошол эле учурда, “Кыргызавтожол” МИнин мурдагы башкы бухгалтери Б.О., ишкананын директорунун орун басары А.А. эч кандай баштапкы ырастоочу документтерсиз жана ишкананын директору менен макулдашуусуз “Т.и.К.” ЖЧКму тарабынан аткарылбаган иштердин жалпы көлөмүн кыскарткан. Карыздын иш жүзүндөгү суммасын жашыруу максатында 12 млн. 681 миң сом акча-каражатын “Кыргызавтожол” МИнын эсебинен “Т.и.К.” ЖЧКму пайдасына чыгарып салган», — деп айтылат маалыматта.

Булак: Аргумент кж

Аргумент.kg