«Унаа» мекемесинин автотранспортторду каттоо бөлүмдөрүндө иш үзгүлтүккө учурады

«Унаа» мекемесинин автотранспортторду каттоо бөлүмдөрүндө иш үзгүлтүккө учурады

31-теке, 2023-ж // Коом // Айпери Осмоналиева

«Унаа» мамлекеттик мекемесинин автотранспоотторду каттоо бөлүмдөрүндө иш үзгүлтүккө учурап жатат. Бул туурасында аталган мекемеден кабарлашты.

Бүгүн, 29-июнда ИИМдин «Унаа» мамлекеттик мекемесинин автотранспорт каражаттарын каттоо боюнча көптөгөн бөлүмдөрүндө иш процесси үзгүлтүккө учурады.

Бул бир катар мамлекеттик органдардын автоматташтырылган маалымат системасында бузулуулар пайда болгонуна байланыштуу. Учурда башка мамлекеттик органдар менен биргеликте бузулуулардын себептерин жоюу иштери жүрүп жатат.

«Унаа» мекемеси келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн жарандардан кечирим сурайт.

Булак: Аргумент кж