Умбет Кыдыралиев аттан түшсө да ээрден ообойт…

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Олигарх Умбет Кыдыралиев “Кыргызалтындын” жетекчилигинен интригага аралашып, Теңгиз Бөлтүрүк менен келише албай кеткенин укканбыз. Бир топ убакыт бизнестерин тескеп, Бишкек шаарындагы 100 квартирасынан түшкөн акчаларды эсептегиче эле кайрадан ийгилик жылмайыптыр. Кумтөргө директорлор кеңешинен орун алып, учурда көңүлү токпейилжүрөт. Президенттин командасында футбол ойноп… Айлыгы 20 миң долларды чапчый турганы кабарланды. Бир эсе Умбет мырзага баа бериш керек. Аскар Акаев доорунан бери мамлекеттик кызматты, бизнести да бирдей алып келатат. Орто жерден мандатты да минди. Аттан түшсө дагы ээрден ообойт. Кайсы бийлик болбосун, таасирдүү фигуралар менен алакалаш болуп, мамиле кылганды кыйла өздөштүргөн. Байланыштары күчтүү. Айлакер, тың киши. Жаш кезинде бокс боюнча спорттун чебери болуп, мушташып да жүргөн жайы бар.

“Азия Ньюс” гезити

Аргумент.kg