Улуттук госпиталдын башкы директору, коррупцияга шектелүүдө..

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Улуттук госпиталдын башкы дарыгери М.Т.И. (Токтобай Маанаев) карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирет.

Маалыматка ылайык, кылмыш ишинин алкагында М.Т.И. тарабынан уюштурулган коррупциялык схемалар (үзгүлтүксүз опузалоо, тендер өткөрүүдө акчаны кайтарып алуу, аффилирленген жеткирүүчүлөрдөн жогорулатылган баада мамлекеттик сатып алуулар, дары-дармектерди жасалма эсептен чыгаруу) аныкталган.

“Бул аракеттер биринчи кезекте калктын социалдык жактан аялуу катмарына зыян келтирип, алардын укуктарын чектеген жана жеңилдетилген дары-дармектерди жана квалификациялуу медициналык жардамды алуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраткан”, — деп белгилешти УКМКдан

Текшерүүнүн жүрүшүндө М.Т.И. тарабынан медицина кызматкерлеринен акча талап кылгандыгы боюнча 20дан ашык факты аныкталган. Ал жеке кызыкчылыгын көздөп бөлүм башчыларын жана дарыгерлерди бейтаптардан системалуу түрдө акча алууга жана ага которууга мажбурлап келген.

Ал ошондой эле ошондой эле мамлекеттик сатып алуулар аркылуу мыйзамсыз киреше табууну көздөгөн. Тактап айтканда, финансылык-чарбалык иштин аудити айрым медициналык багыттагы буюмдарды ашыкча сатып алуу жана кымбат баалуу дары-дармектерди эсептен чыгаруу фактыларынын бар экендигин көрсөттү.

Мисалга, 2022-жылдын октябрь айында иммуномодуляциялоочу дары-дармектерди (төмөн жана жогорку дозада интерферон, окрелизумаб жана ритуксимаб) жеткирүү боюнча тендердин жыйынтыгында жеңүүчү компания тарабынан кызматтар жогорулатылган баада көрсөтүлгөн. Анын натыйжасында бюджетке 36 млн 205 миң 791 сом зыян келтирилген.

Мындан тышкары, 2022-жылдын май айында 25 млн 510 миң 700 сомго милдронат, пропофол жана магний сульфаты дарыларын, ошондой эле медициналык кол каптарды сатып алууда Дары-дармек каражаттары жана медициналык багыттагы буюмдар департаменти менен баалар макулдашылбай, рынокко мониторинг жүргүзбөстөн, белгиленген тартипти бузуу менен сатып алуулар жөнүндө кулактандырууну жарыялабай туруп, аффилирленген компаниялар менен келишимдерди мыйзамсыз түзүлүп, бир булактан сатып алуу ыкмасын колдонулган. Жыйынтыгында бюджетке 11 млн 723 миң сом зыян келтирилген.

Белгиленгендей, стерилдүү эмес медициналык кол каптардын бир тангагынын рыноктук чекене баасы 500 сомдон ашпайт, ал эми Улуттук госпиталь алардын бир таңгагын 1200 сомдон сатып алган, жалпы 5 млн 356 миң сом сарптаган.

Улуттук госпиталь Кыргызстандын аймагындагы эң ири медициналык мекеме болуп саналат, анын жылдык бюджети донордук жана гранттык каражаттарды кошпогондо 700 млн сомдон ашык. Анын ичинен 370 млн сому дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды (дарылар, протездер, рентген/ультра үн аппараттары) сатып алууга, ошондой эле учурдагы керектөөлөргө жумшалат.

Ошентип, текшерүү учурунда мамлекетке 40 млн сомдон ашуун зыян келтирилгендиги аныкталды.

Учурда УКМК тарабынан башка коррупциялык фактыларды, ошондой эле жогоруда аталган схемаларга тиешеси бар кызмат адамдарын жана башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Булак: Аргумент кж

Аргумент.kg