Улуттук банк валюта рыногуна 35 млн доллар сатты

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Кыргызстандын Улуттук банкы быйылкы жылдын эсебинен бешинчи жолу интервенция жасады. Бул тууралуу банктын сайтында маалымдалат.

Маалыматка ылайык, кечээ Улуттук банк 35 млн АКШ долларын саткан. Америкалык валютанын сатуу баасы 87,42 сомду түздү. Бардык сатуу операциялары бүтүм жасалган күндөн башка дата боюнча эсептешүүлөр менен жүргүзүлөт.

Белгилей кетсек, Улуттук банк жыл башынан бери беш ирет интервенция жасап, 262 млн 170 миң доллар саткан

Булак: Аргумент.кж

Аргумент.kg