Улуттук банк эсептик ченди төмөндөттү. Элге кандай таасир этет?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Улуттук банктын башкаруучулугу дүйшөмбү күнү эсептик ченди 14 пайыздан 13кө түшүрүү чечимин кабыл алды. Белгилей кетсек, 10-мартта башкы банктын эсептик чени (Улуттук банк коммерциялык банктарга берген акчанын пайызы) 10 пайыздан 14кө чейин өскөн. Ставканы инфляцияны кармап туруу үчүн көтөрөт деген менен экономикалык активдүүлүк төмөндөйт, себеби кредиттер кымбаттайт (адатта депозиттин ставкалары да көтөрүлөт). Эсептик чендин жардамы менен рыноктук ставкага таасир этет, муну менен керектөөгө жана сактоого шарт түзүлөт. Ошого карап коммерциялык банктар депозиттердин баасын аныктайт.

«18-ноябрга карата маалыматка караганда, жылдык инфляция 15,4 пайыздан 14,5 пайызга чейин төмөндөгөн. Кыргызстандагы инфляциянын темпи басаңдаганы байкалууда. Ошого карабай глобалдуу конъюнктура бүдөмүк бойдон калууда, ал эми азык-түлүккө, энергетикалык продукцияларга жана башка товарларга дүйнөлүк баа акырындап төмөндөгөнү менен жогорку деңгээлде сакталып турат», — деп жазылат маалыматта.

Октябрь айынын жыйынтыгы боюнча, өлкөдө реалдуу ИДПнын өсүшү 7 пайызды түздү. Экономикалык жигердүүлүк өнөр жай, кызмат көрсөтүү жана айыл чарба секторлору тарабынан колдоого алынган. Мамлекеттик чыгашалардын жогорулашы жана өлкөгө акча которуулар ички суроо-талаптын өсүшүнө таасирин тийгизет. «Мындай шартта монетардык саясат мурдагыдай эле инфляциялык процесстерди ооздуктоого багытталган. Жалпысынан акча-кредиттик шарттар нейтралдуу бойдон калды. Ар кандай кырдаалга карабастан улуттук валютага жасалган басымды азайтуу, банк секторундагы ресурстук базаны жогорулатуу жана кредиттөө экономикасынын өсүшү үчүн шарт түзүлдү. Улуттук банк тышкы жана ички экономикалык чөйрөнү өнүктүрүү шарттарын эске алуу менен эсептик чен өлчөмүн 13 пайызга чейин төмөндөтүү чечимин кабыл алды. Ошондой эле түзүлгөн жагдайларга туруктуу негизде көз салып турат жана муктаждык жаралса баанын туруктуулугун сактоо үчүн тиешелүү чараларды көрөт», — деп билдирди Улуттук банк. 2023-жылы да инфляциялык процесстердин басаңдашы күтүлүүдө. Эсептик чен маселеси боюнча кезектеги жыйын 30-январга белгиленди.

Аргумент.kg