Улакчылар үчүн 210 гектар жерге заманбап ат майдан курулат

Улакчылар үчүн 210 гектар жерге заманбап ат майдан курулат

18-тогуздун айы, 2023-ж // Коом // Айпери Осмоналиева

Улакчылар үчүн 210 гектар жерге заманбап ат майдан курулат. Бул тууралуу башкы прокурор, Эл аралык көк бөрү ассоциациясынын төрагасы Курманкул Зулушев Көк бөрү федерациясы өткөргөн конференцияда билдирди.
Анын айтымында, жаңы ипподромдун долбоору чийилип бүттү, ал 20 миң орундуу болот.

«Мурунку жумада президентибиз мени чакырып тапшырма берди. Аэропорт жактан 210 гектар жер сатып алып, заманбап ат майдан куруу боюнча бир-эки жумада өкмөттүн буйругу чыгат. Жаңы жылга чейин курулуш иштери башталып калса жакшы болот эле», — деди Зулушев.
Жаңы ипподромдо аттарды багып, оюнга машыгып, улакчылар жана жумушчулар жашай турган шарттар түзүлөрү белгиленди.
Анын айтымында, президент Садыр Жапаров Оштогудай окуя кайталанса ири көк бөрү мелдештерин өткөртпөй турганын эскерткен. Ошол окуядан улам Ормон хандын 230 жылдыгында көк бөрү уюштурулган эмес.
«Демек, биз оңолушубуз керек. Президент Садыр Нургожоевичтин сөзүн ачык эле айтайын, Оштогу оюндан кийин мага «эгер дагы бир жолу ушундай тартипсиздик болсо, мамлекеттик деңгээлдеги оюндарга көк бөрүнү кошпойбуз» деди. Себеби бул мамлекеттин коопсуздугуна чоң таасирин тийгизип жатат», — деди Зулушев.
Ошондуктан ал «алтын баштуу» улакчы болсо да эрежени бузса катуу жазалоону талап кылды. Калыстыктан тайган судьялар да жазасыз калбашы керектигин белгиледи.
Эске салсак, 31-августта Ошто көк бөрү турнири бүткөндөн кийин калыска нааразы болгондор тополоң салган.

Булак: Аргумент кж