Укук коргоочу аялын 18 жолу бычактаган

Укук коргоочу аялын 18 жолу бычактаган

27-кулжа, 2023-ж // Дүйнө кабары // Айпери Осмоналиева

Аялын 18 жолу бычак сайып  өлтүргөн укук коргоо кызматкери 1,5 жылга соттолгон. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматта, каза болгон келиндин жактоочусу Джохар Утебеков фесбук баракчасында мыкаачы эркекти сот кесиптеш болгондон улам 1,5 жылга кесип ийгенин айтып, окуя түшүп калган тасманы жарыялаган. Анын айтымында  мыкаачы кызганычтан улам мурунку аялын унаа токтоочу жайда бычактан өлтүргөн. Унаа токтоочу жайдагы айрым күбөлөр коркконунан ажыратууга алы келбей качып милицияга кабар берүүгө мажбур болушкан. Оор жаракат алган аял ооруканада эсине келбей каза болгон. Жактоочу ушундай далилдер турса да мыкаачыны 1,5 жыл кесип ийген бул адилеттүүлүк эместигин айтып, иштин аягына чейин чыгара турганын баса белгилеген.

Булак: argument.kg