Укук коргоо кызматкери өспүрүмдү зордуктап ооз басырыкка акча алып жүргөн
02-тогуздун айы, 2020-ж // // Айпери ОсмоналиеваӨспүрүм жигитти зордуктап андан коркутуп акча алып жүргөн укук коргоо кызматкерине кылмыш иши ачылды. Бул тууралуу казак басылмалар жазып чыгышты.
Анда бул каргашалуу окуя жети жыл мурун болгондугу айтылат.
Түркстан облусунун Абай айылынын мектеп окуучусу айылдык полиция кызматкерлери зордуктап жүрүшкөн. Мындан сырткары ал өспүрүмдөн бул окуяны айтып коё турганын айтып дайыма ооз басырыкка акча алып келген.
Өспүрүм үч жыл боюу бул кылмышкерлердин туткуну болуп келгенин массалык маалымат кызматкерлерине айтып берген. Анткени ал бул окуя боюнча полицияга кайрылуудан пайда чыкпайт деген. Качан өспүрүмдүн окуясы басылмаларда чыгып кеткенден кийин полиция кызматкерлери жумуштан бошотулуп убактылуу камоочу жайга киргизилген.
Тергөө учурунда полиция кызматкерлери күнөөлөрүн мойнуна алышкан. Сот аларды 15 жылга эркинен ажыратты.