
Украина НАТОго киргенден баш тартышы керек
05-кулжа, 2023-ж // Дүйнө кабары // Айпери ОсмоналиеваРеспубликалык партиядан АКШ президенттигине талапкерлердин бири Вивек Рамасвами Украинаны Орусияга жеңилүүгө мажбурлоого чакырды.
«АКШ президентинин милдети – америкалык кызыкчылыктарды кароо. Менимче, биз Украинадагы согуштук аракеттерди тынчтык жолу менен токтотушубуз керек, ал Орусияга жол бериши керек», — деди ал 4-июнда ABC News телеканалына.
Анын айтымында, Украина НАТОго кирүүдөн, ал эми өз кезегинде Орусия дагы Кытай менен болгон аскерий союзунан баш тартышы керек, деди Рамасвами.
Булак: Аргумент кж