Жалал-Абадта лицензиясы жок,72 стоматологиялык клиника жабылды

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Жалал-Абад облусунда 122 жеке менчик стоматологиялык клиниканын 78и тиешелүү лицензиясы жок иштеп жүргөндүгү аныкталды. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматы билдирди. Атайын кызматтын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан Сузак, Базар-Коргон, Ноокен райондорунун жана Жалал-Абад шаарынын аймагында стоматологиялык клиникалардын (кабинеттердин) ишмердүүлүгүнө аудит жүргүзүлгөн. «Текшерүү учурунда санитария, гигиена, медициналык калдыктарды жок кылуу шарттары сыяктуу санитардык-коопсуздук эрежелери одоно бузулган. Клиникасы юстиция жана салык органдарында катталбагандыгы жана түшкөн кирешесинин реалдуу көрсөткүчтөрүн жашыруун фактылары аныкталган. Тиешелүү сертификаттары, атайын жогорку билими жок туруп протездөө, имплантация, тиштерди хирургиялык жулуп алуу жана башка ушул сыяктуу жогорку адистештирилген стоматологиялык кызматтарды көрсөтүп келишкен», — деп айтылат маалыматта. Мындан улам мыйзамсыз иштеп жаткан 78 клиника убактылуу жабылды. Ошондой эле УКМК Жалал-Абад облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун 2021-2022-жылдарга карата берген маалыматына таянып, калк арасында В жана С формасындагы вирустук гепатиттин жайылуу тенденциясы байкалганын белгиледи. 2021-жылы облуста инфекциянын 1 308 учуру аныкталса, 2022-жылы 1 979га жеткен. Ошол эле учурда стоматологиялык кызмат кан аркылуу жугуучу вирустук оорулардын таралышынын мүмкүн болуучу факторлорунун бири катары караларын эскертти. Мыйзам талаптарынын аткарылышын иликтөө үчүн Салык кызматы жана башка ведомстволор, Саламаттык сактоо министрлигинин, Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин кызматкерлеринин ичинен атайын комиссия түзүлгөн. Булак:Аргумент кж

Аргумент.kg