УКМК; «Тазалык» ишканасынын мурдагы директору кармалды

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

 Бишкек шаарынын мурдагы вице-мэри жана «Тазалык» муниципалдык ишканасынын мурдагы директору болуп иштеген С.Р.А. (Сарпашев Рыспек Анакович) кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан коррупциялык көрүнүштөрдү азайтуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында С.Р.А. карата ишенип берилген мүлктү өзүнө ыйгарып алуу жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кылмыш иши козголгон.

Такталгандай, кармалган С.Р.А. 2017-2018-жылдары «Тазалык» муниципалдык ишканасынын директору болуп турган кезде өзүнүн жеке пайдасы үчүн кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, ишкананын айрым кызматкерлери менен алдын ала кылмыштуу бүтүмгө келип, иштебеген жана жетишсиз болгон атайын автотетиктерди (таштанды ташуучу унаалар, самосвалдар, жүк ташуучу унаалар) жана күйүүчү-майлоочу материалдарды негизсиз эсептен чыгарып салган. Чындыгында унааларга бөлүнгөн тетиктер жана күйүүчү-майлоочу майлар сатылып, түшкөн каражаттар өздөрүнө бөлүнгөн.

Аталган кылмыш ишинин алкагында Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызматы тарабынан соттук-бухгалтердик экспертиза дайындалып, корутундусуна ылайык, Бишкек шаарынын мэриясына караштуу «Тазалык» МИнин бюджетине 5 миллион сомдон ашык суммада зыян келтирилген.

Белгилей кетүүчү нерсе, мындай аракеттердин натыйжасында атайын техниканын жана күйүүчү-майлоочу материалдардын жетишсиздиги болгондугу, таштанды чыгарууга жооптуу тиешелүү муниципалдык кызматтардын туура эмес иштешине түрткү болгон. Жарандар таштандылардын көп топтолуп, өз убагында чыгарылбай жаткандыгы боюнча бир нече жолу арызданышкан.

Учурда С.Р.А. кармалып, КР УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына камалды.

Иштин бардык жагдайларын жана бул коррупциялык схемага тиешеси бар башка жооптуу адамдарды аныктоо боюнча кошумча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Булак:Аргумент кж

Аргумент.kg