УКМКнын жалган кызматкери кармалды

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) жалган кызматкери кармалды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында мамлекеттик чек араны кесип өтүү учурунда 1985-жылы туулган М.Д.М. аттуу кыргыз жараны (башка толук аты-жөнү Турсунбаев Диербек Муратбекович) кармалды. Ал өзүн УКМК кызматкери катары тааныштырып, жеке ишкерлердин ири өлчөмдөгү акча каражатын ээлеп алган.

Тергөөнүн жүрүшүндө М.Д.М. КР жарандык бир нече паспорту бар экени жана өзүн УКМКнын түштүк аймагы боюнча координатору болом деп тааныштырып, жеке ишкердин ишенимине кирип, алдамчылык жолу менен 466 миң сом акча каражатын жана «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унаасын ээлеп алгандыгы аныкталды

Алынган далилдердин негизинде, М.Д.М. КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 98-беренесине ылайык, КР УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда М.Д.М. (Турсунбаева Д.М.) тарабынан КР УКМКга тиешеси бар делген шылтоо менен жасалышы мүмкүн болгон кылмыштардын башка фактылары текшерилүүдө.

УКМК жарандарга эгерде аталган М.Д.М.нын аракетинен жапа чеккендер болсо кайрылууларын суранат.

Аргумент.kg