УКМК президенттин жардамчысынан 300 миң доллар талап кылган экс-чиновникти кармады

УКМК президенттин жардамчысынан 300 миң доллар талап кылган экс-чиновникти кармады

08-аяк оона, 2023-ж // Коом // Айпери Осмоналиева
Президенттин жардамчысынан 300 миң доллар талап кылып, акчанын бир бөлүгүн алып жаткан жеринен А.Д.Б. аттуу жаран кармалганын УКМК билдирди.
Маалыматта А.Д.Б. Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиктин экс-директору экени айтылат.
«Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Пара талап кылуу» беренесинин негизинде иш козголгон. Тергөө учурунда А.Д.Б. ЖМКга чагымчыл материалдарды таратам деген опуза менен өлкө башчынын жардамчысынан 300 миң доллар талап кылган. 6-сентябрь күнү шектүү акчанын бир бөлүгүн алып жаткан жеринен колго түшүрүлдү», — деп айтылат кабарда.
А.Д.Б. УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тиешелүү айып тагылгандан кийин сот бөгөт чарасын аныктайт.
Булак: Аргумент кж