
УКМК: Милициянын майору органда иштегенден тарта курал сатуу менен алектенген
08-теке, 2023-ж // Коом // Айпери ОсмоналиеваКурал сатууга аракет кылган милиция кызматкеринин кармалышы боюнча УКМК маалымат берди. Коопсуздук комитеттен кабарлашкандай, кызматкер Ички иштер органында иштеген жылдардан баштап алынган тапанчаларды, мылтыктарды жана ок-дарыларды мыйзамсыз сатуу менен системалуу түрдө алектенгени аныкталган.
5-июлда ИИМ Ички иликтөө кызматы менен УКМКнын кызматкерлери ок атуучу куралдарды жана ок-дарыларды сатууга аракет кылып жаткан жеринен милициянын майору М.Р.Н. кармады. Анын жашаган жеринен издөө иш-чараларынын жүрүшүндө курал-жарак жана ок-дарылар табылган.
- ар кандай калибрдеги 4 мылтык;
- 9 даана граната;
- 200 даана 9мм калибрлүү ПМ патрону;
- 97 даана 5,45 калибрлүү АК-74 патрону;
- 141 даана 7,62 снайпердик мылтыктын патрондору;
- 72 даана помпонун патрондору.
Кармалган кызматкер УКМКнын тергөө абагына киргизилип, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин ичинен курал-жарактарды жана ок-дарыларды мыйзамсыз сатууга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгү («Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу») жана 267-беренесинин 4-бөлүгүнүн 2-пункту («Куралды мыйзамсыз жүгүртүү») менен кылмыш иши козголгон.
Булак: Аргумент кж