УКМК Бостеринин «смотрящийин» кармады

УКМК Бостеринин «смотрящийин» кармады

23-баш оона, 2023-ж // Коом // Айпери Осмоналиева

Кримтөбөл Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү Майрамбек Мусадаров кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Белгилүү болгондой, Мусадаров 2020-жылы Чолпон-Атадагы ат майдандын жанынан жер берем деп бир жарандан 5 миң доллар жана «Ауди С4» унаасын алып, алдап кеткен. Аталган жер тилкени Камчы Көлбаевге берип койгон.

Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 3-бөлүгү (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.

УКМКнын маалыматы боюнча, Майрамбек Мусадаров криминалдык чөйрөдө «Мокинтош» деген каймана ат менен таанымал, мурда оор жана өзгөчө оор кылмыштар үчүн соттолгон. Ал Ысык-Көл районунун Бостери айылын караган адам болгон.

Мусадаров УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган. Учурда аталган ишке тиешеси бар адамдарды аныктоо иштери жүрүүдө.