УКМК бийликти басып алуу аракетине айыпталгандарды  кармады . Алар…

УКМК бийликти басып алуу аракетине айыпталгандарды кармады . Алар…

06-кулжа, 2023-ж // Коом // Айпери Осмоналиева
УКМК бийликти күч менен басып алуу максатында массалык башаламандыктарды жана баш ийбөөчүлүк акцияларын уюштурууну пландаган деп кимдер кармалганы тууралуу маалымат берди.
«Жакынкы аралыкта уюштуруу маселелерин каржылоо жана негизги кызмат адамдарына сый акы төлөө үчүн чет элдик булактардан олуттуу каражаттарды алуу күтүлгөн. Алар коомдо кандайдыр бир окуяга нааразычылык пайда болгондон кийин дароо өздөрүнүн кылмыштуу планын ишке ашыруунун активдүү фазасын баштоону көздөшкөн. 5-июнда УКМКга 30дан ашык катышуучу алып келинди, Н.Р.С. жана анын негизги шериктери: Н.Р.С., И.Г.С., М.А.Ж. жана Д.Т.А., күнөөсүн мойнуна алып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди», — деп айтылат маалыматта.
Тинтүү иштеринин натыйжасында алардын кылмыштуу ниетин тастыктаган башка буюм далилдери да алынганы кошумчаланды.
Учурда иштин башка жагдайларын жана тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча атайын тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Булак; Аргумент кж