УКМК Баткенде контрабандалык жүк ташыган унааларды конфискациялап жатат

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Баткен облусунда контрабандалык жүктөрдү ташыган эки унаа мамлекеттин эсебине конфискацияланып, дагы экөөнүн иши сотто каралып жатат. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 26-апрелинде Кызыл-Кыя шаардык сотунун чечими менен Hyundai Porter үлгүсүндөгү унаа мамлекеттин эсебине алынган. Ал былтыр ноябрда баасы 1 миллион 248 миң сомдук элге керектелүүчү товарларды жана дары-дармектерди контрабандалык жол менен ташып баратканда кармалган. Ал эми быйыл 19-майда Кадамжай райондук соту “КамАЗ” жүк ташуучу унаасын конфискациялаган. Аталган машина аткезчилик менен 599 миң сомдук күйүүчү май ташып баратканда токтотулганы белгиленди. Мындан тышкары, контрабанда ишине пайдаланылгандыгы үчүн УКМК тарабынан кармалган Mercedes-Benz Actros жана Hyndai Porter үлгүсүндөгү унаалар боюнча маселе Баткен облусунун сот органдарында каралып жатканы айтылды. Атайын кызмат аткезчиликке аралашкандар кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертти. Булак:Аргумент кж 

Аргумент.kg