УКМК Адахан Мадумаровдун тарапташтарын кармады

УКМК Адахан Мадумаровдун тарапташтарын кармады

06-теке, 2023-ж // Без рубрики // Айпери Осмоналиева

УКМК тарабынан мамлекеттин коопсуздугун камсыздоо жана конституциялык түзүлүштү коргоо боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө өлкөдө массалык нааразылык акцияларын жана ири толкундоолор, андан кийин бийликти күч менен басып алуу үчүн жашыруун даярдыктарды жүргүзгөн “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын мүчөлөрүнүн мыйзамсыз иш-аракеттеринин бети ачылып, бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКдан билидиришти.

Маалыматка караганда, Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгүнүн (“Массалык баш аламандыкка чакыруу”) негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында 6-июлда УКМК тарабынан “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын Чүй облусунун Сокулук, Москва райондорунда жана Бишкекте 10 активдүү мүчөсүнүн жашаган жеринде тинтүү жүргүзүлгөн.

Тинтүү учурунда “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын партиялык материалдарынан тышкары бул партиянын мүчөлөрүнүн каржы булактарын көрсөткөн банктык карталары жана реквизиттери алынды. Мындан тышкары, тинтүүлөрдүн натыйжасында алардын кылмыштуу ниетин тастыктаган башка буюм далилдери да алынды.

Булак: Аргумент кж