Үйлөнгөн жигит менен үйүр болуп, баласын да карашам. Ата-энем билсе кантем?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Өзүм турмушка чыга элекмин, бирок көңүлүмө жаккан бир мырза бар. Азырынча ата-энеме айта албайм. Кандай кабыл алышат, билбейм. Ал экөөбүздүн жашоого болгон көз карашыбыз окшош. Бирок кийинчерээк үйлөнгөнүн айтты. Эки жашка чыгайын деп калган баласы бар экен. Аялы төрөттөн каза болуптур. Ошондон бери кыжалат болуп жүрөм. Эмне кылсам? Колумду сурап жатат, мамилеси, баары жакшы. Мага жагат. Ата-энесинен өзүнчө турат. Баласын азырынча апасы жардам берип, карайт экен. Бир ирет апасы ооруп, мен өз квартирама алып келип карадым. Бойтойгон күнөөсүз бөбөк. Бирок ойго ар нерсе келе берет экен. Ата-энем анын өткөн чагын билбейт. Кандай кадамга барсам?

Айтор, үйлөнгөн жигит менен үйүр болуп кеттим…

Диля 

«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg