Коом

Уйлардын оозунан ак көбүк чыгып, ичи күйүп өлгөн

Уйлар жаңы оорудан улам  тилин салаңдатып, оозунан ак көбүк аралаш шилекей куюлуп, ички органы күйүп өлүп жатканы тууралуу видео интернетте тарап кеткен.  Бул тууралуу NUR.KZ жазып чыкты.

Маалыматта, Казакстандын Успенск айылынын жашоочуларынын бири  уйлары белгисиз оорудан кырылып жатканын айтып өлүп жаткан уйдун видеосун жүктөгөн. Анын айтымында уй алгач тилин саландатып, оозунан ак көбүк аралаш шилекей куюлуп шайы кетип андан кийин чебелектеп туйлап жатып өлүп жаткан. Байкоосунда уйдун ичи күйүп өлгөн.  Бул боюнча ошол аймактын мал доктуру өлгөн уйдун жана тирүү калган уйлардын абалы тууралуу төмөнкүлөрдү билдирген.  «Биздин текшерүүдө ал уйлар  ууланган жем жеп алган.  Божомолубузда өлгөн уй жемди көбүрөөк жеп алган. Азыр тирүү калган уйлар  шайы кетип, табити жок, оозунан ак көбүк чыгып турат. Эч кандай ысык тап жок.  Алардан анализ алганда ууланган деген жыйынтыкка келдик. Эч кандай жугуштуу же башка оорунун белгилери жок.  Болгону ал ууланган жем жеп алган. Ууланган жемден кийин уй ичи өрттөнүп жаткандай абалда туйлап жатып өлүп калды. Ошол видеонун айынан бир айылды карантинге жаап койду. Бир да уйдун андай ооруну байкаган жокпуз. Айылдын эли  сүт өткөрүп, малдын этин сатып жан багат. Канчалаган адам кредитин төлөй албай кыйналып жатат. Видеого тартып жаткан адам интернетке салардан мурун өзүн эле эмес элди кошо ойлошу керек эле», – деп билдирген. Айылда ооруп жатат делип 72 уй катталып, алардын бири турган жеринен жан берген видеодогу уй болгон. Аларды кароого алган мал доктурлар уйлардын тили салаңдап, ичи күйүп өлбөгөнүн дагы бир жолу анализ алып аны борбордук лабораторияга жөнөтүлгөнүн билдиришти.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *