Үч аял ысык сууга күйүп каза болду

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Казакстандын Көкшетау шаарында үч аял ысык сууга күйүп каза болду. Бул тууралуу  sputnik.kz жазды.

Маалыматка ылайык, 2-январь күнү таңкы саат бештер чамасында тургундар милицияга телефон чалып, ысык суу түтүгү жарылып, үйдү каптап кеткенин айтышкан.

Куткаруучулар эшикти сындырып кирип, батирден 50, 56 жана 59 жаштагы үч аялдын жансыз денесин табышкан. Алар үйдүн ээси жана анын эки курбу кызы болгон.

Ал эми курбулар Жаңы жылды чогуу тосуу үчүн чогулушкан.

Ал эми медициналык экспертизанын корутундусуна ылайык, аялдар күйүп кеткени  аныкталып жана учурда тергөө иштери жүрүп жатканы маалым болду.

Аргумент.kg