
Үч адамдын өлтүрүлүшү: Маркум аялдын энеси соттун создугуп жатышына нааразы
06-тогуздун айы, 2023-ж // Коом // Айпери ОсмоналиеваБишкектин Октябрь райондук сотунда үч адамды өлтүрүүгө айыпталган Чынтемир Ашыралиевдин ишин кароо улантылып, бирок анын жактоочусу келбей калгандыктан отурум жылдырылды.
Ооруп калганын айткан жактоочу соттук отурумду башка күнгө жылдыруу өтүнүчүн жөнөткөн. Сот процессти жактоочусуз кароого болбой тургандыгын айтып, жактоочунун өтүнүчүн канааттандырып, отурумду 16-октябрга жылдырды. Эскерте кетсек, бүгүнкү соттук процессте Чынтемир Ашыралиев көрсөтмө бермек.
Ага байланыштуу аталган окуяда киши колдуу болгон А. Канзаманованын апасы маркум балдардын чоң апасы Үрү Канзаманова соттун улам жылдырылып жатканына нааразычылыгын билдирди. Ошондой эле маркум аялдын туугандары сот өкүмү чыкканга чейин айыпталуучунун (Чынтемир Ашыралиевдин) камактагы мөөнөтү эки күн деп эсептелгендиктен, айыпталуучу тарап ишти кароону атайын создуктуруп жатат деген ойдо.
«Бул адам (сөз Ашыралиев тууралуу – ред.) эмес. Соттук ишти кароону создуктуруп жатышат. Өмүр бою эркинен ажыратылсын», — дейт кары эне.
Булак: Аргумент кж