Убактылуу деп ватсап группадан чыккан классташым түбөлүкө кете берди

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Ушундай апаат күндө, таң эрте телефонду карамай адат кылып алдым. Бул атың өчкүр вирус тамырын жайып, өзү араң арабасын кылдыратып түртүп жүргөн элди болушунча ийлей баштады. Өкмөттөн пайда жок болуп эл бири бирине жардам берип, өзүн өзү бакканга өттү. Колунан келгендер оорунун чеңгелинен ооруган адамын сактап калып жатышат, алы келбей ичер суусу түгөнгөндөр ары карай кетип, туугандары боз ала болуп арманда калып калгандар канча. Башында буга көбү маани бербей саясат деп да чыгышты, эми минтип уу тырмагын матырганда жан далбас уруп, а дегенге алы келбей калды. Канча адамды жылып жутуп келатат, дагы канчаны жутат элестетип жүрөк түшөт. Жөнөкөй, балпандаган мүнөзү менен 48жаштагы күйөө балам да үч баласы үч небереси, келинчегин таштап кете берди. Кан жуткан бир туугандар эми бир тууганын жерге берип, тарай электе, улуу агасы да вирустан көз жумду деп кабар келди. Баарынан өкүнүчтүүсү кара пакетте келип эле көмүлүп калып жатышат. Классташтар тайпасында да ушул ооруну өз ара сүйлөшүп жаттык. Ооругандар өз ойлору менен бөлүшүп айтып берсе, айыгып кеткиле, оорубагыла деп жаттык. Мирлан классташыбыз мектепте класском, отличник бала эле, өз эмгеги менен, жол куруу фирмасынын призиденти эле. Ал да сасык тумоо болуп калдым деген. Ага да тигини ич муну ич деп билгендерибизди сунуштадык. Ушул классташым отуз жылдан бери көрүшпөй жүрсөк да кыйналганда акча сурасам жок дебей которуп койду эле. Ошол акчаны берип койойун жакшы эле кутту деп, кайра которуп кодду жиберип койдум. Сен мсктепте эле эмес, жашоодо да отличник болуптурсуң чоооң рахмат — деп жазып койгом. Жооп жок, чалсам жооп жок. Ооруп жатам деди эле, деп кыжалат болуп чала бердим, классташтардан сурадым. Алтысында доктурда жатам деди. Аны угуп жаман ахыбалда калдым, өлүп калса карыз болуп калбайын дегендей болуп, салгандай болдум. Эртеси жакшымын, температурам түштү деди. Эртеси дагы жеңилдеп калдым деди, ошондо ичимдегини айттым «сен өлүп калса карыз болуп калбайын дегендей болуп калдым, кечирип кой сен катуу ооруп калганыңды билген жокмун» дедим. Күлүп коркпо өлбөйм шарт жок деп жазды. Өлсөң өпкөң үзөм деп өлгөндүн үстүнө көмгөн кылыппы деп күлгөн смайликтен толтура жөнөтүп жибериптир. Акчаны ала албайм балама жөнөтө аласыңбы? — дегенинен которуп койгом. Онунда классташтар тайпасынан убактылуу деп чыгып кеткен. Биринчи күнү баласы менен алып алдыңбы деп сүйлөштүм, азыр барам деди, атаң жакшыбы? десем, жакшы деген. Эки сааттан кийин Мирлан каза болду деген суук кабар келди Кантип, койчу деп ишене албай калдык. Ошентип убактылуу деп чыгып кеткен классташыбыз биротоло кете берди. Жаткан жериң жайлуу болсун классташым деп, бул жашоонун мыйзамына баш ийип кала бердик. Алыста жүрсөң жеринде, элиңде ушундай болуп жатса, зээниң кейип жүрөгүң ооруйт. Апам келиним ооруп жакшы болдук десе да, сарсанаа болуп Жакындарымды жоготкондон корком, жоготкондорго кайрат айтам, сабыр кылгыла, колуман келбейт. Эмнеси болсо да бул апаат күндөр өтүп, элибизге, жерибизге тынчтык орносун. Ал жакта жашап жаткан жакындарым аман болгула. Жаман күндүн артынан жакшы күн келеер, оомиийин .

Москва шаары.

Аргумент.kg