Тышкы саясат боюнча министр Жээнбек Кулубаев тил эмизип койгондо

Тышкы саясат боюнча министр Жээнбек Кулубаев тил эмизип койгондо

25-баш оона, 2022-ж // // Айпери Осмоналиева

Борбор Азия президенттеринин Чолпон-Атадагы 4-консультативдик жолугушуусунда “Достук, жакын кошуналык жана кызматташтык келишимине” кол койбой кеткен Тажикстан менен Түркмөнстан “ойлонгонго убакыт сурашты, эки жумадан кийин кол коюшат” деп тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев пресс-конференция уюштуруп, расмий жарыя айткан. Андан бери бир айга жакын убакыт өттү, министр Жээнбек Кулубаев ойноп сүйлөгөнбү, же тил эмиздиби? Ким билсин, айтор, кошуналардан дайын жок, келишимге кол коюу тууралуу сөз жок. Кыргызстандын тышкы иштер саясаты деги эмне болуп жатат ыя?

«Азия Ньюс» гезити