Тышкы иштер министри Кулубаев Германияга сапар менен барат

Тышкы иштер министри Кулубаев Германияга сапар менен барат

23-баш оона, 2023-ж // Коом // Айпери Осмоналиева

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 24-25-августта Германияга сапар менен барат. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Cапардын алкагында Кулубаев Германиянын тышкы иштер министри Анналена Бербок менен жолугушат.

«Сапардын максаты — Кыргызстан менен Германиянын саясий, экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы кызматташуусун кеңейтүүнү талкуулоо», — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле Жээнбек Кулубаев Германиянын президентинин аппаратынын жана канцлердин аппаратынын жетекчилиги жана Германиянын айлана-чөйрөнү, жаратылышты коргоо, ядролук коопсуздук жана керектөөчүлөрдүн укугун коргоо федералдык министрлигинин жетекчилиги менен жолугушууларды өткөрөт.

Булак: Аргумент кж