Эки өлүмдүн күнөөкөрү делген 16-жаштагы өспүрүм милиция кызматкерлеринин кыйносунан улам күнөөнү мойнуна алган. Бул тууралуу Кыйноолорго каршы улуттук борбор билдиришти.

Маалыматта, кыйноого кабылган өспүрүмдүн атасы уулунун кыйноо менен кылбаган кылмыш ишин мойнуна алганын билдирген.  Өспүрүмдү 12-майда Свердлов районунун милиция кызматкерлери Ысык-Көл облусунун Ой –Тал айылынан кармашкан. Алар өспүрүмдү Чоң Өрүктүгө алып барып кыйноого алышкан. Алгач алар өспүрүмдү ур токмокко алышып, кабыргага тепкилеп, башына хлор салынган пакет кийгизип думуктурушкан. Тырмактарынан астына ийне сайып, күнөөну мойнуна алышын айтып коркутушкан. Ал жалган көрсөтмөгө макул болбогондо алар эгерде күнөөну толук мойнуна алып кылбаган кылмышты мойнуна албаса атасына наркотика салып каматып ийе турганын айтышкан. Өспүрүм айласы жок кылбаган кылмышты мойнуна алган.

Эскерте кетсек, буга чейин барак үйлөрдун биринде кызы менен апасынын кыйнап өлтүрүлгөн сөөгу табылып, бир жума өтпөй ага күнөөлү 16-жашар өспүрүм экени маалымдалган.