Түз эфир-Бишкекте Азиз Мурадилаевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүп жатат

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Азиз Мурадилаевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты бүгүн, 19-декабрда Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында өтүп жатат.

Маалыматка ылайык, маркумдун сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлат.

Эске салсак, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, актёр Азиз Мурадиллаев оорудан улам кечээ, 17-декабрда көз жумган.

Мурадиллаев 1978-жылы Фрунзе шаарында туулган. Мектепти аяктагандан кийин Кыргыз улуттук драма театрынын алдындагы театралдык окуу жайга тапшырган. Кийин 1997-жылы Москвадагы Щепкин атындагы жогорку театралдык окуу жайга тапшырып, аны 2001-жылы аяктаган.

Ошол эле жылы Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрына артист катары кызматка алынып, ошол күндөн ушул күнгө чейин үзгүлтүксүз бир жерде эмгектенип келген.

Булак: Govori.TV

 

Аргумент.kg