Турсунбеков да түрмөгө отурганы калдыбы?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Парламенттин мурдагы төрагасы, депутат Чыныбай Турсунбековдун жакындарына таандык Бишкектеги арак-шарап заводу боюнча токтотулган кылмыш иши кайрадан териштирилмек болду. Башкы прокуратура заводдун  мыйзамсыз менчиктештирилиши тууралуу 2012-жылы козголгон кылмыш ишин токтотуп койгон УКМКнын Тергөө башкармалыгынын 2014-жылкы токтомун жокко чыгарды. Эми иш кайрадан атайын кызмат тарабынан сотко чейинки өндүрүшкө алынат. Иш жанданса Чыныбай Турсунбековго кылмыш иши козголуп, сыйыртмак салынышы мүмкүн. Убагында 183,4 миллион сомго бааланган борбордун чок ортосундагы 2 гектар жерди ээлеген завод 66,5 миллион ит бекер сомго сатылып, мамлекетке ири суммада оңбогондой зыян келген. Тилекке каршы, кылмыш иши козголгону менен токтоп калган болчу. Ошол жылдары «Ата-Журт» партиясынан депутат болуп барган Камчыбек
Ташиев да кызматташы Чыныбай Турсунбековду «Заводду шектүү жол менен сатып алган»- деп ачык эле айткан.
Булак: Фабула

Аргумент.kg