Саясат

Турсунбай Бакир уулу: Төрөганын бир гана добушу бар, калган 119 депутат жооп бербейт

— Турсунбай мырза, Асылбек Жээнбековдун ишмердүүлүгү боюнча эмнелерди билесиз?
— Мен Асылбек иним менен 5-чакырылышта бирге иштешип калдым. Ага чейин Сооронбай Жээнбеков менене кесиптеш элек. Биз мыйзам чыгаруу, ал эл өкүлдөр жыйынында депутат болуп иштешип жүрдүк. Асылбек депутат болгондон кийин СДПК өзү “Ата Журттан” кийин эле чоң фракция болуп келди. Чыныгы бийликтин партиясы десек болот. Президент өзү, өкмөт башчы да ушул партиядан эле. Ахматбек Келдибеков бир жыл Төрага болуп турганда чындап эле парламенттик республика болсун деп колдогонбуз. Бирок, президент ыплас оюн жүргүзүп жиберип, ал отставкага кетти. Анан Асылбек Жээнбековду Төрага кылып шайладык. Спикерлик ишти бат эле өздөштүрүп кетти. Кийин кабинетине кирип “кыска мөөнөттө саясатчы катары калыптандың”-деп айттым. Көбү түшүнбөй эле Төрагага көп вазийпаны илип коёт. Төрага бул президент же өкмөт башчы эмес. Төраганын жалгыз функциясы Жогорку Кеңештин жыйынын жакшы алып баруу. Муну түшүнбөй эле Төраганы тигинтиш минтиш керек дешет. Төрагага бийлик берип койсо, калган 119 депутат “мени да эл шайлаган”-деп каршы чыгат да. Асылбек өзүнүн милдетин так аткарып жыйындарды жакшы алып барып, маселелерди коюп, кезексиз жыйындарды чакырып жатты. Фракциядан тышкары депутаттык иштерине жеке баа бере албайм. Анткени, мен “Ар Намыс” фракциясында элем.
— Бир Төрага көпчүлүк депутаттардын пикирин буруп, аба-ырайын жарата алышы мүмкүнбү?
-Эгерде колдоочулары жок болсо, мүмкүн эмес. Бир окуя айтып берейин.1995-жылы кош палаталуу 1-чакырылыштагы Жогорку Кеңеш калыптанганда мыйзам жыйынында Төрага раматылык Мукар Чолпонбаев болчу. Аны колдогон эки-үч депутат бар болчу. Ага каршы Данияр Үсөнов башкарган 35 депутаттын 30у колдоп ал кишини Төрагалыктан алып, башка адам шайланды. Депутаттардын көпчүлүгү колдобосо, эч кандай аба-ырайын жарата албайт. Ар бир депутат өзүнүн кнопкасын өзү билет. Мен дагы тескери басчумун, Исмаил Исаков ошентет эле.
— Азыр ал киши күнөөлөнүп соттолуп жаткан Кумтөр маселеси Жогорку Кеңеште каралып жатканда депутат элеңиз. Бул ишти ичинен жакшы билсеңиз керек?
— Кумтөр боюнча комиссия түзүлгөн, Төрагалары сүйлөгөн, өкмөт чакырылган. Анын ичинде өкмөт гана эмес, Кумтөрдүн өзүнүн да өкүлдөрү келген. Баарын угуп өзүбүз чечим кабыл алчубуз. Бирөө келип “андай мындай добуш бер”-деп эч ким айткан эмес. Башка депутаттар үчүн жооп бере албайм, өзүм ошенткем. Мен ал убакта Садыр Жапаровду колдочу элем. Өлкөнүн туңгуч акыйкатчысы катары биринчи текшерүүм Кумтөрдөн башталган. Экологиялык бузууларды, эмгек маяналардын биздикилердин чет өлкөлүктөргө караганда аз алганын билет элем. Баарын текшерип келгендиктен комиссияны колдогом. Төрага эмне, өзүнүн бир гана добушу бар, калган 119у үчүн жооп бербейт.
— Биз билгенден Жогорку Кеңештеги намазкананы ачууда сиз Асилбек Шариповичке сунуштама берген экенсиз?
— Туура, биринчи экинчи чакырылышта эки гана депутат намаз окугандыктан, кабинеттерде эле окуп алчубуз. 5-чакылышка келгенде карасак аппарат кызматкерлери, депутаттар да намаз окуйт экен. Жума намаз окуйлу десек эле орун жок. Анан ак үйдүн аппарат жетекчисине барсам “жүрүңүз намаз окуган жерди көрсөтөйүн”-деп калды. Намаз окуган жер мурдагы чайынма бөлмө экен. Ал жерге 4-5 эркек батат экен. Ал эми дааратканасын аялдарга бошотуп беришиптир. Көргөндө көзүмө жаш тегеренип Ахматбек Келдибеков Төрага болчу ага айттым. Анан НПОлор аябай каршы чыгышканда “мен машинага олтуруп, кайсыл гана мечит болбосун намаз окуп келе берем. Бирок, аппарат кызматкерлери кайсыл машинага олтуруп, кайсыл мечитке барат?”-деди. Анан Келдибеков орун берип мечит ачтык. Бирок 80 гана адам батат элек. Калгандары батпай, улуттук гвардиянын балдары 150-200 адам коридорго намаз окуп калышты. Анан жамаат менден “Асылбек Шариповичке сиздин сөзүңүз өтөт айтыңызчы”-деп калышты. Жума намаздардын биринде туруп “Урматтуу Төрага бул жамааттын өтүнүчү. Биз го ичинде намаз окуп атабыз. Коридорду карасаңыз 100дөн ашык адам окуп атат. Чоңураак мечит куруп алсак кандай дейсиз”-десем сөз берем деди. Кудайга шүгүр, бир жылдан кийин үчүнчү кабатта 250 орундуу мечит ачып койду. Дин душмандары, теңирчилер эмне үчүн ак үйдө мечит ачылды деп сөзсүз маселе көтөрүлмөк. Ошондой эле, Асылбек Жээнбековдун демилгеси менен маалымат борбору, китепкана, радио бөлүм, дарыкана, медайым олтурчу бөлмө ачылды. Бет ачаарын кылганда ушуларды жасадык дегенде баарынын оозу жабылды. Мен дайыма айтам мечит жок кезде ал бөлмөлөрдөн “элди аткыла”-дегенден баштап жаман иштердин баарына буйрутма беришчү. Президент Атамбаев намазга келчү эмес. Бирок Сооронбай Жээнбеков келип жатты. Ошондуктан, жетекчилер, депутаттар намаз окуп Кудайдан суранып жатса эмнеси жаман деп айтсам унчукпай калышат. Жер төлөдөгү намазкананы аялдарга берип койгонбуз. Кеңири батышат, сонун аябай. Бул жерде дагы бир жардам берген Саид Баюмини айта кетпесек болбойт. Мен аны кыргыз шейх деп коём. Албетте, ал ар кимге айта бербейт бирок Төрага сурангандан кийин каражат бөлүп, оңдоп берди. Баары сонун болду, сооп иш болду.
— Деги эле Асылбек Шариповичтин камалып олтуруусуна пикириңиз кандай?
— Азыркы бийлик менен чынын айтсам бир жолу дагы жолуккан жокмун. Ошол же тигил же бул деп түшүндүрүп айта албайм. Сизге окшоп ММКларда угуп атам. Камалгандар көп, чыккандар андан бетер. Ошондуктан бирдей мамиле керек. Эгерле башкалар чыгып атса, демек баардыгы чыгышы керек. Бир тобу чыгып башкасы калып калганы туура эмес. Азыркы бийлик мунун баарын адилеттүүлүк менен карап, күнөөсү жок адамдар олтурбаса дейм. Анткени, мурдагы президенттерди көрдүк, өзүм дагы курмандыкка чалынганмын. Бул нерсе мен үчүн дагы жөнөкөй маселе эмес. Бийликтен биз адилеттүүлүк күтөбүз.
— Биз уккандан сиздин ата-энеңиз менен Асылбек Жээнбековдун ата-энеси дос экен, бул чынбы?
— Ооба чын, алар дос болчу. Алар аркылуу биз дагы таанышып калдык. Агаларыбыз, мисалы Жусуп аке менен Шарап акем, Сооронбай менен мен теңмин, Асылбек менен иним тең. Башка башка райондон болсок да, ата-энелерибиз жакшы катташчу. Өзгөчө жамандыктарда. Тойго келбей койсоң адам унутуп калат, өлүмгө келбей койсоң адам унутпайт. Башыбыздан далай нерсе өттү. Аяш атам менен аяш апам өтүп кеткенде апам экөөбүз барып келгенбиз. Байбичем өтүп кеткенде Асылбек келип кетти. Мындай нерселерде албетте келиш керек. Ал доор башка эле, өтүп кетти. Аккан арыктан суу агат дегендей, бир туугандар баардыгы жакшы жол менен кетишти, такшалган саясатчылар. Бири президент, бири Ысык-Көлгө губернатор, Сауд арабияда элчи, Асылбек болсо депутат, Төрага болду. Бир сөз менен айтканда атасынын жолу менен жүргөн мыкты адамдар болушту.
Медиа центр

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *