Турсунбаев сепаратисттер менен тыгыз байланыштабы?

Турсунбаев сепаратисттер менен тыгыз байланыштабы?

04-аяк оона, 2018-ж // //

Кыргызстандын бүтүндүгүнө жик салуу максатында 2010-жылы июнь коогалаңын чыгарышкан өзбек сепаратисттери Карамат Абдуллаева, Имомжан Абдрасулов, Кадыржан Батыров, Жалалидин Салахутиновдор учурда издөөдө. Булар эки элдин ортосуна бүлүк салып, өлкө бүтүндүгүнө доо кетирүүнү көздөшкөн арам ниеттери ишке ашпай  калып өлкөдөн качып кетишти.
Тилекке каршы, далай карапайым жарандар азап чегип, кан жутушту. Учурда айрым адамдар ушул сепаратисттерге амнистия берүү үчүн кол топтоп, президентке кайрылуу кылганы жатышканы боюнча социалдык тармакта маалымат тарады.
Анда демилгечилер Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Жураев, Ош шаардык кеңешинин мурдагы депутаты Имминовдор экени айтылат. Алар Жогорку Кеңештин депутаты Азис Турсунбаевдин тапшырмасы менен аракет көрүп жатышканы кошунчаланат. Азис мырза бул кылыгы үчүн Жалалидин Салахутинов тарабынан көп каражат алганы да кеп болот.
Ал түгүлТурсунбаевдин Ташкентте качып жүргөн Салахутиновдун Кыргызстандагы бизнестерин көзөмөлдөөрүн, учурда дагы тыгыз байланышта экени баса белгиленет. Бийлик бул маселеге маани берип, Турсунбаевдин ишмердүүлүгүнө көңүл буруп, тизгинин тартпаса кооптуу жагдай жаралбайт деп эч ким кепилдик бере албайт…
Булак: “Фабула”