“Турмушка чыкканыма алты жыл болду, бирок жолдошумдун досун сүйөм”

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Турмуш курганыбызга 6 жыл болду. Жолдошум экөөбүздү жеңем тааныштырган. Бат эле тил табышып кеттик. Болочок күйөөм колумду тизелеп сураса деп кыялданчумун. Андай болбоду. Маршруткада элек, “быйыл үйлөнөм”, – деди. “Макулсуңбу” деген да жок. Көнүп калгамбы билбейм, айтоор, бир айга жетпей баш кошуп алдык.

Ак көйнөк кийбедим, курбуларыма гүлдесте ыргытпадым, вальс бийлебедим. Апам “сүйөсүңбү, өмүр бою жашай аласыңбы, түнт жигит көрүнөт”, – деди. Ар кайсыны айтып, жарытаарлык деле жооп бербедим. Каап, ошондо жакшылап ойлонсом…

Бир жума айылда болуп, шаарга келдик. Билинбей жүрүп 2 балалуу болдук. Үйдө олтуруп калдым. Мыкты ата болду, бирок, мыкты күйөө боло албады…

Эркелетпейт, сулуусуң дебейт, капалансам кучактабайт, жасаган тамагымды мактабайт, майрамдарда гүл бербейт. Акыркы күндөрү жашоом ушинтип эле өтүп кетеби деп көп ойлончу болдум. Күндөрдүн биринде аяштар болуп кафеде отуруп калдык, күйөөмдүн досу мени улам-улам карап жатты. Негизи келишкен жигит, аялы менен 1.5 жыл жашап ажырашып кеткен. Ошол бойдон бойдок, ошол күндөн баштап түшүмө кире турган болду. Бир күнү жолдошум түн жарымга чейин жок болуп кетти, чалсам өчүк. Анан ошол досуна чалдым, жанымда жок деп жооп берди. 10-15 мүнөттөй сүйлөшүп калдык. Үнү назик, келбеттүү, айтор, суйуп калдым… Азыр да ойлоп жатам. Бассам, турсам ойлойм. Сиздерде Ушундай болгонбу?

Аргумент.kg